Бишкекте эң активдүү мектеп окуучулары менен диалог өтүүдө

Коом Загрузка... 27 Апрель 2026 13:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Бишкек, 27.04.26 /Кабар/. Бишкек шаарында мектептердин өз алдынча башкаруу органдарынын лидерлери жана өкүлдөрү менен интерактивдүү диалог өтүүдө.

Иш-чара Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн катчылыгы, Бишкек шаардык мэриясы жана "Балдарды коргоо борбору" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулду.

Жолугушуунун негизги максаты – балдардын укуктарына жана кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү маселелерди талкуулоого жана чечимдерди кабыл алууга алардын катышуусун кеңейтүү болуп саналат.

Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Асел Чынбаева белгилегендей, бул Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте мектеп турмушуна жигердүү аралашып, өз позициясын билдиргиси келген активист окуучулар үчүн уюштурулган алгачкы диалогдук аянтча.

WhatsApp_Image_rt9A9Ux.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
"Биз алардын оюн угуп, кандай сунуштары жана чечимдери бар экенин, аларды эмнелер тынчсыздандырарын жана кандай көйгөйлөрү бар экенин билгибиз келет. Бул интерактивдүү форматта өтүп жаткандыктан, алар өздөрү үчүн маанилүү болгон маселелер боюнча - мектеп чөйрөсүн жакшыртуу, буллингге каршы аракеттенүү, ошондой эле Бишкек шаарындагы шарттарды кантип жакшыртуу керектиги боюнча чечимдерди сунушташат деп ишенебиз", - деди ал.

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жаштар менен туруктуу диалог аянтчасын түзүү зарылдыгын баса белгиледи.

WhatsApp_Image_o9l2x0A.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
"Биз жаштардын үнү угула турган аянтчаны курууну каалайбыз. Учурда бул багытта шаардыктардын бардык категориялары менен иш алып барып жатабыз. Мисалы, майыптыгы бар адамдардын кеңешин өткөрүп жатабыз. Алардын: "Бизсиз биз үчүн эч нерсе жасалбасын" деген урааны бар. Бул принцип бардык тармактарга тиешелүү деп ойлойм. Жаштар да өздөрүнө эмне керек экенин жакшы түшүнүшөт. Кээде чоңдор байкабай калган абдан жөнөкөй нерселерди жаштар башкача көрө алышат. Биз лидерлер менен иштешүүнү көздөйбүз, анткени алар алган маалыматты өз курдаштарына, классташтарына жана мектеп активине жеткириши керек.
Ошондой эле биз жаштарды сын айтуу менен бирге сунуш берүүгө да үйрөткүбүз келет. Көпчүлүк жаштар социалдык тармактарда активдүү сын айтышат, бирок сын менен катар ошол көйгөйдү чечүүнүн жолдорун жана өзүнүн көз карашын сунуштоо да маанилүү", - деп белгиледи вице-мэр.