Бишкекте Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык бокс турнири башталды

Спорт 2012 30 Апрель 2025 10:02
b8a5d6e9-7075-4be3-90eb-0b71ffb480e8.jpg
55a2e262-a609-43ac-9aff-e6e378aaff21.jpg
2c44fa83-4961-4417-985e-847be8376a8b.jpg
Алдыга
Артка
b8a5d6e9-7075-4be3-90eb-0b71ffb480e8.jpg
55a2e262-a609-43ac-9aff-e6e378aaff21.jpg
2c44fa83-4961-4417-985e-847be8376a8b.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек 30.04.25. /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган эл аралык бокс турнири башталды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, турнирдин салтанаттуу ачылыш аземине аталган агенттикттин директору Айбек Абдымомунов, Улуттук олимпиада комитетинин төрагасы Умөтаалы Кыдыралиев жана бокс федерациясынын өкүлдөрү катышты.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Германия жана Испаниядан келген 150 спортчу катышууда.

Турнир 3-майга чейин уланат.

Боксчулар төмөнкү салмактык категорияларда күч сынашууда:

48 кг, 51 кг, 54 кг, 57 кг, 60 кг, 63,5 кг, 67 кг, 71 кг, 75 кг, 80 кг, 86 кг, 92 кг жана 92 кгдан жогору.