Грек-рим күрөшү: Афтандил Таалайбек уулу Польшадагы турнирде коло медаль тагынды

Спорт 28 август 2026 12:10
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Афтандил Таалайбек уулу Польшада өтүп жаткан Ziolkowski, Pytlasinski & Poland Open эл аралык мелдешинде коло медаль тагынды.

63 кг салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык спортчу үчүнчү орун үчүн беттеште Литванын өкүлү Юстас Петравичус менен күрөшүп, беттеш 5:5 эсебинде аяктаган.

Жыйынтыгында Афтандил Таалайбек уулу техникалык артыкчылыгы боюнча жеңишке жетип, мелдештин коло медалын алды.