Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Бүгүн, 9-октябрда Бишкек шаарында саламаттык сактоо боюнча форум болуп өттү.
Иш-чара "Дени сак адам – өнүккөн өлкө" аталышындагы калкты коргоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча 2019–2030-жылдарга арналган программанынын алкагында уюштурулган.
Форум өкмөттүн, эл аралык өнөктөштөрдүн, дипломатиялык корпустун жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрүн бириктирди. Мында негизги көңүл саламаттык сактоо тутумунун туруктуулугун жогорулатууга, сергек жашоо образын жайылтууга жана жаңы чакырыктардын шартында оорулардын алдын алууга бурулду.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев белгилегендей, эки күндүн ичинде жумушчу топтор баяндамаларды жасап, талкууларды өткөрүү менен өткөн жылда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарышты. Форум саламаттык сактоонун негизги багыттарында олуттуу жетишкендиктер болгонун көрсөттү.

"Биз коомдук саламаттык сактоо жаатында, айрыкча жугуштуу эмес оорулардын алдын алууда жана баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүдө жакшы натыйжаларды көрүп жатабыз. Бул эки багыт саламаттык сактоо тутумунун негизин түзөт. Профилактикалык жана амбулатордук кызматтардын биргелешкен иши оорулардын алдын алуу чараларын кыйла бекемдөөгө мүмкүндүк берет", - деди министр.
Министр ошондой эле президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен медициналык инфраструктураны курууга жана модернизациялоого гана эмес, оорулардын алдын алууга да өзгөчө көңүл буруларын баса белгиледи.
"Биз жарандарыбыздын ден соолугуна көбүрөөк инвестиция салышыбыз керек. Бул чыгым эмес, тескерисинче инвестиция, калк канчалык ден соолукта болсо, ошончолук өлкөнүн экономикасына салым кошот. Мындан тышкары, оорулардын азайышы дүйнө жүзү боюнча баасы өсүп жаткан дары-дармектерге кеткен чыгымдардын өсүшүн кыскартууга мүмкүндүк берет", - деп белгиледи Чечейбаев.
Ошондой эле форумдун жыйынтыктоочу отчету саламаттык сактоо тармагындагы Борбор Азия инвестициялык форумунун логикалык уландысы болот. Документ Кыргызстандын 2030-жылга чейинки саламаттык сактоо тутумун өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктайт.