Бишкекте дагы бир бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү жасалды

Ден соолук Загрузка... 10 Октябрь 2025 17:33
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 10.10.25. /Кабар/. Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөк алмаштыруу боюнча дагы бир операция ийгиликтүү аткарылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, реципиент — 33 жаштагы О. Р., ал 1 жыл 9 ай бою өнөкөт бөйрөк оорусунун акыркы стадиясына байланыштуу гемодиализ алып келген. Донор — анын өз агасы 44 жаштагы Т. Н.⠀

Операция ийгиликтүү өтүп, бейтаптын абалы туруктуу деп бааланууда.

Дарыгерлердин маалыматына ылайык, донордун да, реципиенттин да абалы канааттандырарлык, ал эми көчүрүлгөн бөйрөктүн функциясы калыбына келген.

Жалпысынан 2018-жылдан бери аталган борбордо 76 бөйрөк трансплантациясы жүргүзүлүп, алардын ичинен 2024-жылдан тарта 35 операция бюджеттик негизде акысыз жасалды.

Саламаттык сактоо министрлиги үчүн трансплантология программасын өнүктүрүү — артыкчылыктуу багыттардын бири.

Мамлекеттик колдоонун жана дарыгерлердин кесипкөйлүгүнүн аркасында, учурда Кыргызстанда жогорку технологиялуу операциялар ийгиликтүү жүргүзүлүп, жарандар чет өлкөгө чыгууга муктаж болбостон, өз мекенинде эле өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк алууда.