Бишкекте үч жылда 9 мектеп, 15 кошумча корпус жана 23 бала бакча курулду

Коом Загрузка... 02 Октябрь 2025 16:33
1.jpg
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Бишкек шаарында акыркы 3 жылда 9 мектеп, 15 кошумча корпус жана 23 бала бакча курулду. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев 5-октябрь - Мугалимдер күнүнө карата өткөн салтанаттуу иш-чарада белгиледи.

Калаа башчысы бул иштер дагы улантылып, жаңыдан курулган мектептер модернизацияланып, инклюзивдик принциптерге ылайыкталарын кошумчалады.

"Билим берүү мекемелери жыл сайын капиталдык оңдоодон өтөт. 2025-жылы бул максаттарга, анын ичинде мамлекеттик менчикке кайтарылган мекемелерге бир миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Педагогикалык кадрларды толуктоо жана иш менен камсыз кылуу үчүн шаардык казынадан "Жаш мугалимдин депозити" программасына каражат бөлүнүүдө. Акыркы үч жылда бул долбоорго 300дөн ашык мугалим катышып, алардын 58и болжол менен 8 млн сомго ээ болушту", - деди Жунушалиев.

Ошондой эле мэр "Жаш мугалимдин депозити" программасын каржылоону көбөйтүү жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу пландарын белгиледи.