Бишкекте бош орундар жарманкеси өтөт

Коом Загрузка... 19 Апрель 2025 13:24
WhatsApp Image 2025-04-18 at 14.16.53 (1).jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.04.25. /Кабар/. Бишкекте үстүбүздөгү жылдын 22-апрелинде бош орундар жарманкеси өтөт. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талантбек Жекшенов билдирди.

Анын айтымында, иш-чара Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде өтөт. Анда бир гана жарманке эмес, аталган окуу жайдын Ачык эшиктер күнү дагы өткөрүлөт.

“Тагыраагы, комплекстүү иш-чара болот десек болот. Жарманкеге 50гө чукул иш берүүчүлөр катышат. Алар 5 миңге жакын бош орундарын сунуштап, жарандарыбыз иш берүүчүлөр менен түз байланышка чыгууга мүмкүнчүлүк алышат”,-деди ал.

Жекшенов белгилегендей, жарманкеге катышуу акысыз жана бардык каалоочулар үчүн ачык.

“Катышуу үчүн алдын ала катталуу талап кылынбайт. Бул жарманке жумуш издеп жаткан жарандарга жана кадр издеп жаткан компанияларга пайдалуу аянтча болмокчу”,-деди ал.