Соода борборундагы уурулук: Мурда соттолгон шектүү колго түштү

Укук тартиби Загрузка... 07 Апрель 2026 11:48
WhatsApp Image 2026-04-07 at 10.50.19 (1).jpeg

Бишкек, 07.04.26 /Кабар/. Бишкекте бир нече уурулукка шектелген жаран колго түштү. Бул тууралуу Бишкек милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-мартта Свердлов райондук милициясына Д.К. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал анда 1-март күнү саат 18:00 чамасында “Дордой Плаза-2” соода борборунан белгисиз адамдар сумкасынан капчыгын уурдап кетишкенин билдирген. Ичинде 17 миң сом өлчөмүндө акчасы болгон.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2001-жылы туулган, мурда ушундай кылмыштар үчүн бир нече жолу соттолгон С.О. шектүү катары кармалды.

Азыркы учурда анын уурулуктардын бир нече фактысына тиешеси бар экендиги аныкталууда. Тергөө иштери улантылууда.