Бишкекте бир катар көчөлөрдө жылуулук түтүктөрүн жаңылоо иштери аяктады

Коом Загрузка... 19 Сентябрь 2025 11:01
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 19.09.25. /Кабар/. Бишкектин негизги көчөлөрүндөгү магистралдык жылуулук тармактарын реконструкциялоо иштери аяктады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Бишкек жылуулук тармагы" муниципалдык ишканасы Фрунзе көчөсүндөгү А.Осмонкул көчөсүнөн А.Сүйүмбаев көчөсүнө чейин, М.Гоголь көчөсүнөн С.Ибраимов көчөсүнө чейин, жана ошондой эле К.Тыныстанов көчөсүнөн Абдрахманов көчөсүнө чейинки эскилиги жеткен жылуулук тармактарын алмаштыруу иштерин аяктады.

Эски жылуулук түтүктөрү жаңыларына алмаштырылды, бул аварияларды, жылуулуктун жоготууларын азайтып, энергиянын үнөмдүүлүгүн жогорулатат. Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук тармактары 1971-жылдан бери иштетилип келген. Пайдалануу мөөнөтү эки эсеге ашкан.

Иштин алкагында эски түтүктөрдү демонтаждоо, жаңысын орнотуу, андан соң жолго асфальт төшөө жана белгилер чийилди.

Белгиленгендей, реконструкциялоо иштери борбор калаанын көчөлөрүн модернизациялоо боюнча масштабдуу программанын алкагында жасалды. 2026-жылы Фрунзе көчөсү толугу менен оңдолот. Жылуулук тармагынын өткөргүч түтүктөрүн алмаштырууда төшөлгөн жабууларды кайрадан ачпоо үчүн алдын ала тиешелүү иштер жүргүзүлдү.