Бишкек, 05.09.26. /Кабар/. Турдакун Усубалиев атындагы аянтта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын финалдык мелдештерин жана оюндардын салтанаттуу жабылыш аземин түз эфирден көрсөтүү үчүн фан-зона уюштурулат.
Мэриядан билдиришкендей, буга байланыштуу эртең, 6-сентябрда жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет.
Чектөөлөр киргизиле турган көчөлөр:
- Орозбеков жана Раззаков көчөлөрүнүн Фрунзе көчөсүнөн Чүй проспектисине чейинки бөлүгү;
- Абдымомунов көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.
Белгилей кетсек, Турдакун Усубалиев атындагы аянтта VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан спорттук мелдештердин финалдык оюндарын түз эфирден көрсөтүү уюштурулат.
Мелдештердин өтүү убактысы:
- 10:00 - көк бөрү боюнча финалдык оюн (Кыргызстан – Казакстан);
- 12:00 - көкпар боюнча финалдык оюн (Кыргызстан – Казакстан);
Мындан тышкары, фан-зонанын катышуучулары VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий жабылыш аземин да көрө алышат. Иш-чара саат 20:00дө башталат.