Бишкекте банктардын биринен өрт чыкты

Кырсык Загрузка... 08 Июль 2025 13:20
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 08.07.25. /Кабар/. Бишкекте банктардын биринен өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан KICB банктын имаратынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 12:39дан тарта 3 өрт өчүрүү бөлүмү жана штаб тартылып, жеринде иш алып барууда.

Кошумча саат 13:00дө ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун бир унаа менен 2 офицер, 1 дрон тартылды.

Кошумча маалымат берилет.