Бишкекте банктан чыккан өрт өчүрүлдү

Кырсык Загрузка... 08 Июль 2025 15:05
copyright icon Өзгөчө кырдаалдар министрлиги

Бишкек, 08.07.25 /Кабар/. Бишкек шаарынын Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан KICB банкынын имаратынан чыккан өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 3 күжүрмөн эсеп, штаб жана ӨКМдин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан 2 офицер 1 дрон менен тартылган.

Өрттүн жалпы аянты болжол менен 70 чарчы метрди түзөт.

Жабыркагандар жок жана өрттүн себептери такталууда.