Бишкек, 13.10.26. /Кабар/. Бишкек шаарында балдардын дене тарбиясын өнүктүрүүгө, реабилитациялоого жана социалдык адаптациясына багытталган "Дарика" балдардын адаптивдүү спорт борборунун салтанаттуу ачылышы өттү.
Мэриядан билдиришкендей, жаңы борбор аутизми, балдардын церебралдык шал оорусу (БЦШ), Даун синдрому жана өнүгүүсүнүн башка өзгөчөлүктөрү бар балдардын адаптивдүү спорт менен машыгуусуна, ден соолугун чыңдоосуна жана физикалык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүүсүнө шарт түзүү максатында иш алып барат.
Борбордун ишин уюштуруу үчүн Түркиядан спорт, реабилитация жана өзгөчө муктаждыктары бар балдар менен иштөө жаатында 24 жылдан ашык кесиптик тажрыйбасы бар эл аралык адис Дарика Ажар чакырылган.