Бишкекте БА өлкөлөрүнүн Кесиптик бирликтер кеңешинин VII жыйыны өтүүдө

Коом Загрузка... 09 Апрель 2025 11:01
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Акназик Тургунбаева

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 09.04.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте Борбор Азия өлкөлөрүнүн Кесиптик бирликтер кеңешинин VII жыйыны өтүүдө.

Ага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Равшанбек Сабиров, Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу, Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исатбек кызы, эмгек боюнча эл аралык уюмдун өкүлдөрү, Казакстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Монголия өлкөрүнүн профсоюз борборлорунун лидерлери катышууда.

Иш-чараны оболу Кыргызстан кесиптик бирликтер федерациясынын төрагасы Мурадил Жумадилде уулу ачып, иш-чара эмгекчилердин укуктарын коргоо, регионалдык кызматташууну кеңейтүү жана профсоюздар арасындагы тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча экенин белгиледи.

Жыйында кесиптик бирликтер ортосундагы чек аралык кызматташтыкты чындоо, эмгекчилердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо механизмдерин өркүндөтүү, эмгек рыногундагы глобалдык өзгөрүүлөргө байланыштуу профсоюздардын ролун кайра карап чыгуу, Борбор Азия өлкөлөрүнүн кесиптик бирликтеринин ортосундагы биримдикти жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуу, дүйнө жүзүндөгү эмгек рыногундагы жаңы тенденциялар, санариптешүү жана автоматташтыруу процесстери, профсоюздардын келечеги жана өнүгүү стратегиялары талкууланууда.

Иш-чаранын соңунда бир катар эки тараптуу кызматташтык келишимдерине кол коюлары күтүлүүдө.