Бишкек, 22.09.25. /Кабар/. Бишкекте аялдарга байланыштуу кылмыштуулук өсүүдө.
Бишкек шаардык прокуратурасы 2025-жылдын 6 айында калаадагы аялдар тарабынан, ошондой эле аялдарга карата жасалган кылмыштар боюнча абалы тууралуу статистика жарыялады.
Ага ылайык, аялдар тарабынан жасалган кылмыштуулук, анын ичинде зордук-зомбулук жана сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар боюнча көрсөткүч төмөндөгүдөй:
- Аялдар тарабынан 481 (367) кылмыш жасалгандыгы аныкталды, бул 2024-жылдын 6 айына салыштырмалуу 114 кылмышка же 23,7%га өскөн.
Ал эми Бишкек шаарынын райондору боюнча абал төмөндөгүдөй:
- Свердлов району + 42 (124/82);
- Биринчи май району + 58 (171/113);
- Ленин району + 9 (103/94);
- Октябрь району+ 5 (83/78) өсүү болгон.
Аялдарга карата жасалган кылмыштуулук, анын ичинде зордук-зомбулук жана сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар боюнча 2025-жылдын 6 айында Бишкек шаарынын укук коргоо органдары тарабынан аялдарга карата жасалган 2598 (2833) кылмыш катталган. Бишкек ШИИББы тарабынан 36, УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгы тарабынан 6, Ленин РИИБи тарабынан 887 (687), Биринчи май РИИБи тарабынан 547 (960), Свердлов РИИби тарабынан 809 (606), Октябрь РИИБи тарабынан 335 (580) кылмыш иштери козголгон.
Анын ичинен, 347 кылмыш иши боюнча айыптоо актылары бекитилип соттун кароосуна жиберилген, 273 кылмыш иши кыскартылган, 709 кылмыш иши токтотулган, 929 кылмыш иши башка иш менен бириктирилген, 322 кылмыш иши өндүрүштө.
Маалыматта белгиленгендей, аялдардын кылмыш жасоосуна түрткү болгон себептер көп түрдүү жана төмөнкүлөргө байланыштуу. Анын ичинде социалдык-экономикалык себептер, үй-бүлөлүк жана жеке турмуштук себептер, психологиялык жана эмоциялык себептер, билим деңгээлинин жана аң-сезимдин төмөндүгү, жарандык укуктарды жана мыйзамдарды билбөө, башкалардын таасири.
"Аялдарга каршы кылмыштар – бул аялдардын коопсуздугун, укуктарын жана абийирин бузган ар кандай зомбулук аракеттер. Мындай кылмыштардын келип чыгышына бир нече негизги себептер бар анын ичинде салттуу түшүнүктөр жана патриархалдык көз караштар, билимдин жана маалымдуулуктун жетишсиздиги, экономикалык көз карандылык, мыйзамдардын жетишсиз иштеши жана жазасыз калуу, алкоголдук ичимдиктерди жана баңги заттарды колдонуу жана эрте нике жана кыз ала качуу",-деп айтылат билдирүүдө.