Бишкек, 26.09.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте аял тыгындын кесепетинен төрөт үйүнө жетпей жолдо патрулдук унаада төрөдү.
Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришкендей, кайгуул кызматкерлерине жаран кайрылып, тез арада кош бойлуу аялды төрөт үйүнө жеткирүүгө жардам берүүсүн сураган.
Кайгуул кызматкерлери ыкчам чара көргөнүнө карабастан, аял төрөт үйүнө бара жаткан жолдо төрөп койгон.
Эне жана наристе дарыгерлерге өткөрүлүп берилип, зарыл медициналык жардам көрсөтүлдү.