Бишкекте Алыкул Осмоновдун 110 жылдык мааракеси белгиленди

Маданият 2477 20 Март 2025 21:24
484839069_955478716743885_155.max-1920x1080.format-webp.webp
485729824_955479473410476_280.max-1920x1080.format-webp.webp
485726716_955478743410549_406.max-1920x1080.format-webp.webp
485694362_955479900077100_616.max-1920x1080.format-webp.webp
485627571_955479203410503_542.max-1920x1080.format-webp.webp
485411708_955478763410547_298.max-1920x1080.format-webp.webp
485183803_955479313410492_615.max-1920x1080.format-webp.webp
484970484_955478713410552_758.max-1920x1080.format-webp.webp
485800722_955479350077155_309.max-1920x1080.format-webp.webp
484927465_955479413410482_245.max-1920x1080.format-webp.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 20.03.25. /Кабар/. Бүгүн, 20-мартта Улуттук китепканада кыргыз поэзиясынын классиги, акын Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев, улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, окумуштуулар, акын-жазуучулар, акындын чыгармаларын изилдөөчүлөр катышты.

Министрдин орун басары Марат Тагаев өз сөзүндө, кыргыз элинин даанышмандыгын, улуулугун, эне тилибиздин, каада-салтыбызды, салттуу маданиятыбызды, руханий байлыгыбызды бапестеп сактоодо Алыкул Осмоновдун кыргыз поэзиясында орду өзгөчө экенин белгиледи.

“Министрлик 2025-жылга карата иш планына киргизип, мына он күндүк декадасы уланууда жана жылдын соңуна чейин атайын иш пландын негизинде эскерилет. Ошондой эле республикалык, облустук, райондук, шаардык жана айылдык китепканаларда уюштурулуп, Осмоновдун китептерин окуй аласыздар, - деди Тагаев.

Иш-чаранын соңунда китепкананын аллеясына иш-чаранын катышуучулары көчөт отургузушту.

Белгилей кетсек, Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгына карата 10 күндүк 28-мартка чейин уланат. Ошондой эле жыл соңуна чейин республикада ар кандай иш-чаралар өтүп турат.