Москвадагы руханий майрам. Алыкул Осмоновдун "Менин үйүм" жыйнагынын жаңы басылышынын бет ачары өттү

Маданият 24 Апрель 2025 10:43
99d06eeb-7341-3894-bdfe-f5fb58424d1f.jpg
dce95692-be7a-3d8d-9d5d-ab2dde35c274.jpg
711ad9bd-4ae8-3035-9a1e-f8e1c0341f5e.jpg
208a8a74-c987-3706-aa48-2aa76b0aed24.jpg
122a98e5-5a84-382f-ac3c-44df11952c28.jpg
77ec7fa6-13f6-3180-ae9e-4c36cdc288da.jpg
61bdd578-e815-3b21-b1d2-8d96b1cb0bb3.jpg
59db2590-b8a5-3544-adcd-4e27ac1802cd.jpg
32a68e80-5068-3e8c-a613-22acb5c796ba.jpg
12f5bd8d-51f1-3dd3-97af-13cd328088c3.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Тышкы иштер министрлиги

Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Москва шаарындагы китепканалардын биринде көрүнүктүү кыргыз акыны Алыкул Осмоновдун кайра басылып чыккан "Менин үйүм" аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары өттү. Бул иш-чара акындын 110 жылдыгына арналган маданий программалардын алкагында уюштурулду.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чара көрүнүктүү акын, драматург, котормочу, кыргыз адабиятынын классиги Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгын белгилөөгө арналган салтанаттуу иш-чаранын алкагында уюштурулду.

Ага Кыргызстандын Россиядагы элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев, кыргыз жана орус адабият өкүлдөрү жана Москвадагы кыргыз диаспорасынын мүчөлөрү катышты. Катышуучуларга акындын өмүрү жана чыгармачылыгы тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, анын ырлары окулду жана музыкалык чыгармалар аткарылды.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги бул иш-чараны Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы маданий-руханий байланышты чыңдоонун бир көрүнүшү катары белгиледи.