Балдар абагынын тарбиялануучулары Алыкул Осмоновдун музейинде болушту

Коом Загрузка... 20 Февраль 2025 15:23
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы

Бишкек, 20.02.25. /Кабар/. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №14 түзөтүү колониясынын күн тартибине жана ички эрежелерине жооп берген 14 окуучу өлкөнүн Жаза аткаруу тутумунун тарыхында биринчи жолу мекеменин сыртына чыгарылып, Алыкул Осмоновдун музейине экскурсияга барышты.

Мекемеден билдиришкендей, аталган иш-чара тарбиялык иштердин алкагында уюштурулуп, КР Кылмыш-жаза кодексинин 135-беренесине ылайык соттолгон өспүрүмдөргө стимул берүү чараларынын бири катары каралган.

Окуучуларды Панфилов райондук ички иштер бөлүмү менен бирге Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлери коштоп жүрүштү. Иш-чарага Панфилов районунун акиминин орун басары Айдана Иманалиева да катышты.

Экскурсиянын соңунда жеткинчектер түзүлгөн мүмкүнчүлүк үчүн ыраазычылыктарын билдиришип, мындан ары да жакшырууга умтулуу ниетин белгилешти.

«Бул жөн гана маданий иш-чара эмес, жаштарды тарбиялоодогу маанилүү кадам. Аларда патриоттук сезимди, өз иштери үчүн жоопкерчиликти жана жакшы келечекке умтулууну калыптандыруу зарыл. Мындай демилгелер өз элинин тарыхына жана маданиятына болгон сый-урматтын калыптанышына өбөлгө түзөт. Бул эксперименталдык долбоор болчу, окуучуларга жакшы таасир берсе, мындай иш-чаралар улана бермекчи», - деди өз сөзүндө аталган мекеменин жетекчиси Марат Сатаев.

"Экскурсия өспүрүмдөргө жакшы таасир калтырып, алардын руханий жана адеп-ахлактык жактан өнүгүүсүнө чоң салым кошооруна ишеним артабыз",-деп айтылат маалыматта.