Бишкек, 31.12.25. /Кабар/. Бишкек шаарында Улуттук “Ак Илбирс” кино сыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул сыйлык күчтүн жана умтулуунун символу болгон, маданияттын өнүгүүсүн жана туруктуулугун даңазалаган ак илбирстин атын алып жүрөт.
Мында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов сөз сүйлөп, иш-чара жаңы жылдын алдында жакшы маанайда өткөнүн белгиледи.
“Улуттук “Ак Илбирс” киносыйлыгы алгач ирет кеңири форматта өткөрүлүп жатат. Биз Кинематографисттер союзунан “Ак Илбирс” сыйлыгы мындан ары улуттук киноискусствонун бардык багыттарын камтышы керектигин сурандык. Кино көркөм, фестивалдык, массалык, ал тургай кээде үй шартында, өзүңө өзүң режиссёр форматында да болушу мүмкүн. Ошондуктан бүгүн улуттук кино сыйлык аркылуу чоң киноүй-бүлөнү бириктирип, аны Кинематографисттер союзунун, Маданият министрлигинин жана Улуттук “Ак Илбирс” киносыйлыгынын алдында топтоо аракетин көрүп жатабыз”, - деди ал.
Байсалов жакында Дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюму тарабынан жарыяланган дүйнөлүк инновациялык индекске токтолуп, анда 15 жаштан 69 жашка чейинки адамдардын санына карата ири көркөм тасмалардын көлөмү боюнча статистика берилгенин маалымдады. Анын айтымында, бул индекс боюнча Кыргызстан дүйнөдө 6-орунду ээлей турганын жана бул чек эмес экенин белгиледи.
“Биздин көп улуттуу, ынтымактуу элибиз чыгармачылыгы, өзгөчөлүгү жана искусствого болгон сүйүүсү менен айырмаланат. Биз шыктанууну жашап өткөн ата-бабаларыбыздан, алардын жетишкен чоң ийгиликтеринен алабыз жана кайсы багытты көздөй умтулуп жатканыбызды так билебиз”, - деди ал.
Анын айтымында, ата мекендик кинематограф ири сыйлыктарга жана дүйнөлүк таанылууга умтулууда.
Эске салсак, “Ак Илбирс” сыйлыгы жыл сайын улуттук кинематографиядагы мыкты жетишкендиктерди белгилеп, алдыңкы режиссёрлорду, актёрлорду, сценаристтерди, операторлорду жана техникалык адистерди бириктирет. 2025-жылы жеңүүчүлөр көркөм, документалдык жана кыска метраждуу тасмаларды камтыган 12 номинация боюнча аныкталган.