Бишкек, 24.09.26. /Кабар/. Бишкекте коомдук транспорттун айдоочуларына эмгек акы төлөөнүн жаңы системасы киргизилүүдө.
Мэриядан билдиришкендей, жаңы тартипке ылайык, айдоочулардын айлыгы эмгек талаптарын аткаруусуна, жумуш убактысынын нормасын сактоосуна жана иштин сапатына жараша аныкталат.
"Эгер айдоочуга байланыштуу даттануу түшүп, анын негиздүүлүгү тастыкталса, эмгек акы 20%га чейин азайтылышы мүмкүн. Жумуш убактысынын белгиленген нормасы аткарылбаган учурда да төлөмдүн көлөмү кыскартылат", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, жаңы система айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатууга, эмгек тартибин сактоого жана жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга багытталган.