Бишкек, 26.04.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Ачык Дельфи - 2025 оюндарынын салтанаттуу ачылышы болду.
Мэриядан маалымдашкандай, Кыргызстандын булуң-бурчунан чогулган жаш таланттар эми өздөрүнүн өнөрлөрүн көрсөтүп, чыгармачылыгын тартуулашат. Дельфы оюндары 7 жаштан 25 жашка чейинки балдарды жана жаштарды бириктирет.
Ачылыш аземге мэр Айбек Жунушалиев катышты. Ал өз сөзүндө келечектин маданиятын калыптандырган, муундарды жана элдерди бириктирген искусство экенин, Дельфи оюндары сыяктуу иш-чаралар борбор калааны маданий тартуунун борбору катары өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналарын баса белгиледи.
"Силер өлкөнүн келечегисиңер, эртең маданиятты даңазалап, руханий байлыкты арттырып, каада-салтты сактап, жаңы, заманбап идеяларды тайманбай киргизе тургандарсыңар", - деп айтты калаа башчысы.
Оюндардын уюштуруучулары Бишкек шаарынын мэриясы, мэриянын маданият башкармалыгы жана Кыргызстандын Дельфи комитети.
Оюндар 30-апрелге чейин уланат жана музыкадан тарта санариптик чыгармачылыкка чейин ар түрдүү номинацияларды камтыйт. Бул жөн гана сынак эмес, чыгармачылык диалогдун, өзүн көрсөтүүнүн жана маданий алмашуунун чыныгы аянтчасы экенин мэриядан белгилешти.