Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына карата Жалал-Абад облусунда президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда 20 социалдык объект пайдаланууга берилди.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алардын ичинде 8 мектеп жана мектептердин кошумча корпусу,️ 7 спорттук объект, 4 бала бакча жана 1 медициналык мекеме бар.
Объекттердин тизмеси:
- Манас шаары, Котур-Каман айылы — спорт залы;
- Токтогул району, Тоолук айыл аймагы — 225 орундуу №24 мектеп;
- Ала-Бука району, Ак-Коргон айыл аймагы — Ч. Айтматов атындагы мектептин 275 орундуу кошумча корпусу;
- Ала-Бука району, Өрүктү айыл аймагы — А. Жуманазаров атындагы 275 орундуу мектеп;
- Ала-Бука району, Ынтымак айыл аймагы, Бирлешкен айылы — 50 орундуу бала бакча;
- Сузак району, Ширин айылы — №95 мектептин 150 орундуу кошумча корпусу;
- Сузак району, Көк-Жаңгак шаары — спорттук комплекс;
- Сузак району, Кара-Булак айылы — А. Молдосаев атындагы 150 орундуу №59 мектеп;
- Таш-Көмүр шаары — балдар көркөм өнөр мектеби;
- Таш-Көмүр шаары — спорт залы;
- Таш-Көмүр шаары — бокс залы;
- Ноокен району, Кызыл-Кыргызстан айылы — №11 мектептин 150 орундуу кошумча корпусу;
- Ноокен району, Дамаш айылы — 75 орундуу бала бакча;
- Ноокен району, Шамалды-Сай шаары — спорттук комплекс;
- Ноокен району, Чек айылы — №23 мектептин спорт залы;
- Аксы району, Жар-Башы участогу — Р. Солпуев атындагы №61 мектеп;
- Аксы району, Кум айылы — 100 орундуу бала бакча;
- Кербен шаары — райондор аралык медициналык-санитардык-эпидемиологиялык кызматтын филиалынын имараты;
- Тогуз-Торо району, Атай айылы — 100 орундуу бала бакча;
- Базар-Коргон району, Гумкана айылы — А. Тагаев атындагы №18 мектептин спорт залы.