Президент Таласта КУУнун көп тармактуу институтунун окуу корпусун ачты

Президент 11 сентябрь 2026 12:20
1.jpg
795808539_1670132735121354_2441522870695394215_n.jpg
794225865_1670133278454633_4511833293519372194_n.jpg
796354710_1670134581787836_6915755918323104844_n.jpg
796745892_1670134558454505_6987516213492412385_n.jpg
796745892_1670134631787831_701855020059537612_n.jpg
796903128_1670134601787834_1113404206020304893_n.jpg
796903136_1670133228454638_61618941737227568_n.jpg
797773648_1670133331787961_3054123247036009129_n.jpg
797811411_1670134651787829_7260326937393785380_n.jpg
797811413_1670132961787998_5407311722500758586_n.jpg
797841135_1670133405121287_4837566035923038098_n.jpg
797956437_1670134548454506_7641504223899856908_n.jpg
798035272_1670133391787955_8807780172974892744_n.jpg
798116057_1670133355121292_8555843868014722978_n.jpg
798884302_1670132865121341_7305077535088250767_n.jpg
799854168_1670133318454629_7312890267750635249_n.jpg
800010368_1670133158454645_821319869993770211_n.jpg
800826168_1670133005121327_2692277395144526880_n.jpg
800826175_1670132838454677_3467735621358033490_n.jpg
800965432_1670132951787999_8704138735822419249_n.jpg
801882468_1670132715121356_1024337015443059220_n.jpg
802094834_1670133015121326_379461785535365272_n.jpg
802243801_1646998793516417_1925807737889810535_n.jpg
806001831_1670133251787969_9004530920063869735_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 11.09.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-сентябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун көп профилдүү институтунун жаңы окуу корпусунун ачылыш аземине катышты.

Жаңы окуу корпусу ар кандай багыттар боюнча 3000 студентти окутууга ылайыкталган. Имарат заманбап жабдуулар менен камсыздалып, окуу процессине санариптик технологиялар киргизилген.

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова Президент Садыр Жапаровго жалпы аянты 5600 чарчы метрди түзгөн беш кабаттуу корпуста студенттер жана окутуучулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөнүн маалымдады.

Ал жаңы корпустун ачылышы студенттердин билим алуусу үчүн заманбап шарттарды түзүп, жогорку билим берүү системасынын материалдык-техникалык базасын чыңдоодогу маанилүү кадам экенин белгиледи.

Окуу жай 1994-жылы Талас педагогикалык окуу жайынын базасында түзүлгөн. Ал эми аталган окуу жайдын тарыхы дээрлик бир кылым мурда — 1930-жылдары башталып, билим берүү тармагындагы тарыхы 90 жылдан ашкан жолду басып өттү. Ушул мезгил аралыгында окуу жай миңдеген адистерди даярдаган. Алардын арасында билим берүү системасын, мамлекеттик башкарууну, экономиканы, маданиятты жана башка тармактарды өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкон көптөгөн көрүнүктүү инсандар бар.

Мамлекет башчысы атайын кабинеттерди жана окуу жайларды, анын ичинде Чыңгыз Айтматов атындагы кабинетти, Туризмди өнүктүрүү борборун, топурактын жана суунун сапатын аныктоочу лабораторияны кыдырып чыкты. Андан соң окутуучулар менен баарлашып, аларды студенттерге сапаттуу билим берүүгө жана татыктуу адистерди тарбиялоого чакырды.

Баарлашууда туристтик чөйрөнү өнүктүрүүгө жана бул багыт үчүн кадрларды даярдоого өзгөчө көңүл бурулду.

Президент Садыр Жапаров институттун жаңы корпусу аймактын жаштарына жеткиликтүү жана заманбап билим алуу үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгиледи.