Бишкекте ачык асман алдындагы музыкалык кечелер уланууда

Маданият Загрузка... 22 Август 2025 18:12
1755849644_large.jpeg
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун “Ачык асман алдындагы музыкалык кечелер” долбоорунун алкагында концерттерге чакырат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 22-августта президенттик «Манас» камералык оркестри мэриянын колдоосу менен жаңы концерттик сезонун ачат.

Кечени  маэстро Медет Осмонов жетектейт. Анын жетектөөсүндө оркестр менен биргеликте А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисттери: Полина Попикова, Элгиз Бейшенбаев, Аяна Бекенова жана Атахан Айбек уулу сахнага чыгышат.

Эртең, 23-августта өлкөнүн башкы аянтында Эл аспаптар оркестри жана кыргыз эстрада жылдыздары концерт коюп, көрүүчүлөргө жайкы эс алуу атмосферасын жана жаркын эмоцияларды тартуулашат.

Ала-Тоо аянты, саат 19:00дө башталат. Кирүү акысыз