Бишкек, 26.05.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарындагы мектептерде акыркы коңгуроо кагылып, окуу жылынын аякташына байланыштуу салтанаттуу иш-чаралар өттү.
Мэриядан билдиришкендей, жалпысынан 120 мектепти 9-класстын 21 миң 637 окуучусу жана 11-класстын 10 миң 678 бүтүрүүсү аяктады.
Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти, райондук акимиаттар жана райондук билим берүү башкармалыктары тарабынан жооптуу кызматкерлердин күнү-түнү нөөмөтү уюштурулган.
Коопсуздукту камсыздоо максатында коомдук жайларда рейддик иш-чаралар өткөрүлөт.
Мындан тышкары, жалпы билим берүү уюмунун аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чаралар учурунда окуучулардын өмүрү жана ден соолугу үчүн алардын жоопкерчилиги жөнүндө ата-энелерге чогулуштар өткөрүлгөн.