Бишкекте 80 млн сомдук мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды

Коом 4 июль 2025 14:09
514401810_1051042573881461_6359480039955791493_n.jpg
514321412_1051042570548128_432113513035127205_n.jpg
516532701_1051042257214826_7936493545908638227_n.jpg
516714079_1051042580548127_2345847432884593775_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Башкы прокуратура

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Бишкекте 80 млн сомдук мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн текшерүүдө Бишкек шаарынын 7-кичирайонундагы аянты 0,11 гектар жер тилкеси жана турак эмес жай мурда мыйзам талаптарын бузуу менен бир акционердик коомдун менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын негизинде баасы 80 млн сомду түзгөн аталган мүлк кайрадан мамлекеттик менчикке кайтарылды.

Башкы прокуратура мамлекеттик менчиктен мыйзамсыз чыгарылган объекттерди, анын ичинде социалдык багыттагы объекттерди кайтаруу багытында иш алып барууну улантууда.