Бишкекте 8 күндүк ымыркайга оор операция жасалып, чоң шишик алынды

Ден соолук 193 13 Август 2026 16:45
WhatsApp_Image_2026_WbRR3xw.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 13.08.26 /Кабар/. Улуттук эне жана баланы коргоо борборунда дарыгерлер шишиги бар 8 күндүк ымыркайга операция жасашты. Бул тууралуу аталган оорукананын Балдар онкологиясы жана гематология бөлүмүнүн башчысы Султан Стамбеков билдирди.

Анын айтымында, айрым шишиктер тубаса болуп, аларды бала төрөлө электе же жашоосунун алгачкы күндөрүндө аныктоого болот. Мындай учурларда убакыт абдан маанилүү болуп, дарылоо адистердин так жана биргелешкен ишин талап кылат.

"Бүгүн балдар хирургдары жана хирург-неонатологдор менен биргеликте шишиги бар 8 күндүк ымыркайга операция жасадык", — деди Султан Стамбеков.

Ал мындай бейтаптар жашы өтө кичинекей жана тобокелдиктери жогору болгондуктан өзгөчө категорияга кирерин белгиледи.

Бөлүм башчы ошондой эле балдар онкологиясы химиотерапия жана дары-дармек менен гана чектелбей турганын белгиледи. Ага хирургия, реанимация, анестезиология, неонатология жана диагностика тармактары да кирет.

"Төрөлгөнүнө болгону 8 күн болду — бирок өмүр үчүн чоң күрөш башталды. Биз бул өмүрдүн уланышы үчүн колдон келгендин баарын кылышыбыз керек", — деди Стамбеков.