Бишкектин эс алуу бактарына 740 көчөт отургузулду

Экология 06 Апрель 2026 10:15
665931043_1419463023562881_6488129131023237485_n.jpg
660425863_1419462743562909_3198777437427696724_n.jpg
660491044_1419463316896185_922137201480361755_n.jpg
662262168_1419463816896135_8859738971793424526_n.jpg
662734173_1419463353562848_7545901087127226506_n.jpg
666472295_1419464010229449_6483657908352315052_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 06.04.26. /Кабар/. Бишкекте 740 көчөт отургузулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Анда белгиленгендей, "Адинай" сейил багында мэр Айбек Жунушалиевдин катышуусунда массалык дарак отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү. Паркка жалпысынан 200 дарактын көчөтү тигилди.

Андан соң шаар башчысы Фучик атындагы паркта Ленин районунун акимчилигинин кызматкерлери жана "Жаштар кыймылы" ыктыярчылары менен бирге дагы 200гө жакын дарак отургузду.

Мындан тышкары, шаардын башка райондорунда да көчөттөр тигилди.

Мэрия жаз башталгандан бери борбор калаада 7 600дөн ашык дарак отургузулганын маалымдады.

2026-жылы Бишкек шаарында 20 миңден ашык жашыл көчөт отургузуу пландалууда.