Ар бир бала камсыздалат. 5-класстар үчүн математика китеби басылып чыкты

Билим 03 Декабрь 2025 12:26
591755055_1294928442680897_1936700007191233286_n.jpg
591750609_1294928529347555_4472056079231507093_n.jpg
592870541_1294928462680895_2271474449032372040_n.jpg
Алдыга
Артка
591755055_1294928442680897_1936700007191233286_n.jpg
591750609_1294928529347555_4472056079231507093_n.jpg
592870541_1294928462680895_2271474449032372040_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Агартуу министрлиги

Бишкек, 03.12.25. /Кабар/. Бишкекте 5-класстар үчүн математика окуу китеби басылып чыкты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, китептер "Учкун" ачык акционердик коомунун басмаканасында басылды.

Жалпысынан окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 87 150, ал эми окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн мектептер үчүн 66 030 китеп басылып чыкты.