Бишкекте №34 автобустун кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү

Коом Загрузка... 25 Апрель 2025 12:55
3132447-1.max-1920x1080.format-webp.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 25.04.25. /Кабар/. Бишкек шаарында №34 автобустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөртүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, эми каттам Курманжан датка көчөсү, Салиева көчөсү , Сүйүмбаев көчөсү жана Чүй проспектиси менен өтөт.

Буга чейин автобустар Курманжан датка көчөсү – Жибек-Жолу проспектиси – Ибраимов көчөсү  - Чүй проспектиси менен каттап келген.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт жана тыгындарды болтурбоо үчүн каттамды алдын ала пландап, жеке транспорттун ордуна коомдук транспорт менен жүрүүнү сунуштайт.