Бишкекте 30га жакын журналист медиамектепке катышууда

Коом 873 03 Апрель 2025 11:10
WhatsApp Image 2025-04-03 at 11.12.13.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-03 at 11.12.13 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-03 at 11.12.13 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-03 at 11.12.12.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-04-03 at 11.12.13.jpeg
WhatsApp Image 2025-04-03 at 11.12.13 (2).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-03 at 11.12.13 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-04-03 at 11.12.12.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Кабар

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Бишкекте кыргызстандык журналисттер медиамектепке катышууда.

Иш-чара “Евразия” коммерциялык эмес уюму тарабынан Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттары менен тажрыйба алмашуу жана журналисттик кесипти өнүктүрүү максатында уюштурулган.

Анда Россиянын НТВ телеканалынын жыйынтыктоочу программасынын алып баруучусу, Жогорку экономика мектебинин мугалими Владимир Чернышев, “Наука" телеканалынын алып баруучусу Антон Войцеховский, RT телеканалынын Россия , КМШ жана Балтика боюнча телерадиоберүү дирекциясынын атайын кабарчысы Константин Придыбайло өздөрүнүн ийгилик сырлары жана тажрыйбалары менен бөлүшүүдө.

Иш-чаранын жүрүшүндө журналисттерге ар кандай темаларда, анын ичинде маалыматты так берүү, фактыларды текшерүү, этика жана медианын коомдогу ролу боюнча маалымат берилүүдө.