Бишкекте 30-августтан баштап унаа кыймылына чектөөлөр киргизилет

Коом 28 август 2026 13:00
1787843844_large.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon Бишкек шаарынын мэриясы

Бишкек, 28.08.26. /Кабар/. Бишкекте ШКУ саммити жана VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын байланыштуу 30-августтан баштап айрым жолдордо унаа кыймылы убактылуу чектелет.

Муниципалитеттен билдиришкендей, чектөө жолдордун төмөнкү бөлүктөрүнө киргизилет:

  • Манас көчөсү "Манас" эл аралык аэропортунан Чүй проспектине чейин (мурдагы Васильевский тракт көчөсү);
  • Чүй проспекти Манас көчөсүнөн (мурдагы Фучик көчөсү) Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин (мурдагы Манас проспектиси);
  • Чыңгыз Айтматов проспекти Чүй проспектисинен Семетей көчөсүнө чейин;
  • Жибек жолу проспекти Манас көчөсүнөн (мурдагы Фучик көчөсү) Жусуп Абдрахманов көчөсүнө (мурдагы Байтик баатыр көчөсү) чейин;
  • Жусуп Абдрахманов көчөсү (мурдагы Байтик баатыр көчөсү) Жибек жолу проспектисинен Семетей көчөсүнө чейин;
  • Аалы Токомбаев проспектиси Жусуп Абдрахманов көчөсүнөн (мурдагы Байтик баатыр көчөсү) Барпы Алыкулов көчөсүнө чейин.

Мындан тышкары, иш-чаралар учурунда "Бишкек Арена" стадионуна жакын жайгашкан жолдордун айрым бөлүктөрүндө жол кыймылына чектөөлөр киргизилет.

"Тургундардан жана коноктордон көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууну, убактылуу чектөөлөрдү эске алууну жана каттамдарын  алдын ала пландаштырууну суранабыз", - деп айтылат маалыматта.