Бишкекте 3 жаштагы наристе унаа сүзүп каза болду. Айдоочу кармалды

Кырсык Загрузка... 22 Октябрь 2025 13:33
1744350672.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 22.10.25. /Кабар/. 3 жаштагы наристе унаа сүзүп кетип, каза болду. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 20-октябрда саат 18:40 чамасында Б.А.Т. аттуу 39 жаштагы айдоочу GMC ACADIA үлгүсүндөгү автоунаасы менен Бишкек шаарынын Ч.Айтматов-Алтымышев көчөлөрдүн кесилишинде күн батыш багытта бара жатып, 3 жашар наристени сүзүп алган. Кыз жаракаттарынан улам каза тапкан.

Бул окуядан кийин кылмыш иши козголгон. Айдоочу кылмышка шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.