Бишкек, 08.10.25. /Кабар/. 17-18-19-октябрда Бишкек шаарындагы Турдакун Усубалиев атындагы аянтта Айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Жарманкеде Кыргызстандын бардык аймактарынан ата-мекендик өндүрүүчүлөрдүн жана дыйкан-фермерлердин табигый, таза, сапаттуу, эң мыкты продукцияларын өз баасында, ортомчусуз сатып алуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Ошондой эле республикадагы ар бир аймактагы кайра иштетүүчү ишканалардын продукциялары элдин назарына коюлат. Айтсак, Ош,Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас, Баткен, Чүй дубандарында өндүрүлгөн бардык товарлар жарманкенин текчелеринен орун алмакчы.
Кызыктырган суроолор боюнча төмөндөгү телефондор аркылуу байланышсаңыздар болот: 0312 661 422, 0702 702 000.