Бишкек, 16.10.26. /Кабар/. Бишкекте "АгроТехЭкспо – 2026" көргөзмөсү жана "Алтын күз" жарманкесине байланыштуу 21-25-октябрь күндөрү айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, чектөөлөр Раззаков жана Орозбеков көчөлөрүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүктөрүнө, Эски аянттын Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки аймагына жана Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын айланасына киргизилет.

Ошондой эле жарманкеге келгендер үчүн Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек шаарындагы филиалынын жанында атайын унаа токтотуучу жай уюштурулат.
Иш-чаралар 23-25-октябрда өтөт. Шаар тургундарына каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүккө жараша альтернативдүү жолдорду тандоо сунушталат.