Бишкек, 21.01.26. /Кабар/. Бүгүн, 21-январда эртең мененки саат 09:00дөр чамасында жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Достук конушунда 20 жаштагы А.Д.М. Toyota Carina үлгүсүндөгү унаа менен бара жатып, рулду башкара албай калган. Натыйжада унаа жолдон чыгып кетип, жол четиндеги даракты сүзгөн.
Белгиленгендей, жол кырсыгына ылдамдык режимин бузуу, унаанын жайкы (эскирген) дөңгөлөктөр менен башкарылышы жана айдоочунун мас абалында болушу себеп болгон.
Кырсыктын кесепетинен айдоочу оор абалда Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди. Ага баш мээнин жабык жаракаты, мээнин көгөрүшү, көкүрөк клеткасынын жана ич көңдөйүнүн оор жаракаттары сыяктуу алдын ала диагноздор коюлду.
Милициянын кайгуул кызматы айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого, унааны мас абалында башкарбоого жана кышкы мезгилде техникалык талаптарга жооп берген дөңгөлөктөрдү колдонууга катуу чакырат.