Бишкекте 2 адамды өлтүрүүгө шектелип, издөөдө жүргөн казакстандык жаран кармалды

Укук тартиби 26 Февраль 2025 17:13
WhatsApp Image 2025-02-26 at 16.37.05.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-26 at 16.37.07.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-26 at 16.37.07 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-26 at 16.37.06 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-02-26 at 16.37.04.jpeg
WhatsApp Image 2025-02-26 at 16.37.04 (1).jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Бишкекте Интерпол тарабынан изделип жаткан чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 1991-жылы туулган Казакстандын жараны А.Р.А. болгон.

Кармалган адам өзгөчө оор кылмыш жасоодо (эки кишини өлтүрүү) айыпталууда.

Колдо болгон маалыматтарга караганда, издөөдө жүргөн А.Р.А. 2018-жылдын 29-октябрында Казакстандын Караганда облусунун Балхаш шаарында 1984-жылы туулган Х.А.С. жана 1973-жылы туулган Х.К.М. аттуу жубайларды өлтүргөн. Мындан улам А.Р.А. кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 2018-жылдын аягында Чүй облусунун Токмок шаарынын аймагында Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.

Ал 24-февралда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралар жүрүп жатат.