Бишкекте 17 адам шаурмадан ууланды, арасында 4 бала бар

Ден соолук Загрузка... 16 Январь 2026 09:35
WhatsApp_Image_2026_0VXhIqj.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Бишкек, 16.01.26 /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарындагы “Даамдуу” тез татым түйүнүнөн 17 адам ууланган. Алардын ичинен 4ү - балдар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, 13 адам ооруканага жаткырылып, стационардык дарыланууда, ал эми 4 адам амбулатордук шартта медициналык жардам алууда.

Белгиленгендей, аларда уулануунун алгачкы белгилери сутканын ар кайсы убактарында пайда болуп, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына кайрылышкан. Бардык жабыркагандарга зарыл медициналык жардам көрсөтүлүп, лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн клиникалык материалдар алынган.

Эпидемиологиялык анамнездин маалыматтарына ылайык, жабыркагандардын бардыгы 15-январда “Даамдуу” тез татым түйүнүнөн шаурма жешкен.

Белгиленгендей, аталган коомдук тамактануу жайына текшерүү жүргүзүлдү. Лабораториялык изилдөөлөр үчүн тез татымдын курамындагы ингредиенттерден, ашкана инвентарларынан жана жабдууларынан жуума үлгүлөр (смыв), ошондой эле даяр продукциянын калдыктары алынган. Ошондой эле кафенин кызматкерлери ичеги-карын инфекцияларынын козгогучтарын алып жүрүүчүлүк боюнча плансыз текшерүүдөн өткөрүлгөн.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча 3 протокол түзүлүп, 41 миң сом өлчөмүндө 3 айып пул салынган.

Тез татымдын жетекчисине 15-январдан тартып фастфуд түйүнүн жабуу тууралуу санитардык көрсөтмө берилип, объект пломбаланган.

Эпидемиологиялык иликтөө иштери уланууда. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыктары алынган сайын кошумча маалымат берилип турат.

Ведомство шаурма жана башка тез татым тамактарынын даярдоо технологиясы, сактоо шарттары, температуралык режими бузулганда, ошондой эле кызматкерлердин жеке гигиена эрежелери сакталбаганда, алар эпидемиологиялык жактан кооптуу продукция болуп эсептелерин эскертет.

Ошондой эле департамент коомдук тамактануу тармагында иш жүргүзгөн ишкерлерге азык-түлүк коопсуздугу үчүн жоопкерчиликтүү болууга, санитардык эрежелерди жана нормаларды так сактоого, өндүрүштүк көзөмөлдү камсыздоого, медициналык кароодон өткөн кызматкерлерди гана ишке алууга чакырат.

Жарандарга азык-түлүк продуктуларын санитардык талаптарга жооп берген, уруксат берилген тамактануу жайларынан гана сатып алууну, соода түйүнүнүн санитардык абалына көңүл бурууну, ал эми тамак-аштан уулануунун белгилери пайда болгондо дароо медициналык жардамга кайрылууну сунуштайт.