Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Министрлер кабинети Бишкек шаарынын кызматкерлеринин айрым категориялары үчүн 2026-жылдын 1-сентябрын дем алыш күнү деп белгиледи. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Бул документ айрым аймактардагы коомдук муктаждыктарга жана жашоо-тиричиликтин өзгөчөлүктөрүнө ыкчам таасир этүүнүн жаңы механизмин апробациялоо максатында иштелип чыккан президенттин "Кыргыз Республикасынын айрым аймактарында кошумча дем алыш күндөрдү белгилөө маселесин убактылуу укуктук жөнгө салууну киргизүү жөнүндө" жарлыгын аткаруу максатында даярдалган.
Документте Бишкек шаарынын мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мамлекеттик жана муниципалдык уюмдарынын, мекемелеринин жана ишканаларынын кызматкерлери үчүн 2026-жылдын 1-сентябры дем алыш күнү деп белгиленген.
Төмөнкүлөр белгиленди:
- Аталган дем алыш күнү кызматкерлердин бир күндүк орточо эмгек акысы сакталат;
- Үзгүлтүксүз өндүрүштүк циклдеги мекемелердин кызматкерлерине эмгек акы төлөө Эмгек кодексине ылайык жүргүзүлөт.
Бишкек шаарындагы жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине кызматкерлерге бир күндүк орточо эмгек акысын сактоо менен 2026-жылдын 1-сентябрында дем алыш күнүн берүү сунушталды.
Бул токтом Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын катышуусу менен иш-чараларды өткөрүү мезгилинде транспорттук инфраструктуранын жүктөмүн азайтуу жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында кабыл алынды.