Бишкек, 25.09.26 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Кытайга иш сапары аяктады.
Сапардын алкагында министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиевдин Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьерт Ли Цян менен сүйлөшүүлөрү, ошондой эле Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим менен жолугушуусу өттү.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк санариптик соода көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышып, сөз сүйлөдү.
Мындан тышкары, министрлер кабинетинин башчысы "Geely Auto Group" компаниясынын башкы кеңсесине барып, уюмдун жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.