Бишкекке былтыр жаңы техникаларды сатып алууга 1 млрд сом бөлүндү

Экономика 1664 27 Январь 2025 12:00
WhatsApp Image 2025-01-27 at 08.35.18 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-01-27 at 08.35.18.jpeg
Алдыга
Артка
WhatsApp Image 2025-01-27 at 08.35.18 (1).jpeg
WhatsApp Image 2025-01-27 at 08.35.18.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon KABAR Мээрим Дүйшөналиева

Бишкек, 27.01.25. /Мээрим Дүйшөналиева — Кабар/. Бишкекке былтыр жаңы техникаларды сатып алууга 1 млрд сом бөлүндү. Бул тууралуу калаа мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, планга ылайык, бул каражатка 170 даана техника алынмак. Заводдор менен түздөн-түз келишим түзүлгөндөн улам коммуналдык чарба кызматтарына баш-аягы 217 жаңы техника сатып алууга жетишилди.

"1 млрд сомго биз пландагандай 170 даана техника сатып алмакпыз. Заводдор менен биз жеринде түздөн-түз сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндөн кийин 170 техниканы алып, 450 млн сом үнөмдөгөнгө мүмкүнчүлүк жаралды. Үнөмдөлгөн бул каражатты кошкондо баш-аягы 217 даана техника алууга жетиштик", - деди ал.