Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын борбору Бишкек шаарына 147 жыл толду. Жыл сайын 29-апрель шаардын расмий күнү катары белгиленип келет. Бул ирет "Кабар" маалымат агенттиги Бишкектин тарыхына көз чаптырат.
Аламүдүн ГЭСтер каскадынын жанынан табылган куралдар Бишкектин аймагында адамдар отурукташкандыгын далилдеп турат. Алар малчылык, дыйканчылык, кол өнөрчүлүк менен алектенишкен. Темир доорунун башталышы менен болжолдуу 3-5-кылымда Кыргызстандын аймагында сак уруу бирликтери түзүлгөн. Бишкек Улуу Жибек Жолунун боюнда жайгашкандыктан шаар аркылуу кербендер көп өтүшкөн. Ала-Тоосундагы жолдун чыгыш жагы (Кордай аркылуу) Чүй өрөөнүнө чыккан жана бул жактан Ысык-Көлдүн жанынан Борбордук Тянь-Шань аркылуу өткөн башка жол менен кезиккен. Дал ушул жолдордун кесилишинде байыртадан көпөстөр үчүн эс алуу жайы болгон кербен-сарай жайгашкан. Чүй өрөөнүндө кыргыздардын кырк уруусунун бири болгон солто уруусу отурукташкан.

1825-жылы Пишпек чеби курулган. Кокондуктар соодагерлерди көзөмөлдөөгө аракет кылып, кербендерден бажы салыктарын чогултушкан. Солтолор Байтик баатыр менен Бишкек чебин бир нече жолу басып алып, талкалаганга аракет кылышкан. Ал эми, 1862-жылы кокондуктар багынышкан. Белгилей кетсек, Байтик баатырдын ысымы Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнүн бирине берилген. Бара-бара Чүй өрөөнүндө жана Бишкек чебинин урандыларынын жанында бир катар шаардык жана дыйканчылык кыштактар пайда болгон.

Улуттук илимдер академиясынын окумуштуусу, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Рыскул Жолдошев ошол убакта Бишкек аттуу адам дыйканчылык менен эмгектенип, жер иштетүү менен атагы чыккандыгын айтат.

“2025-жылдын башында “Бишкек: инсан жана тарых” аттуу жыйнак жарык көрдү.
Жыйнакта Бишкек шаарынын калыптаныш тарыхы, тарыхый инсан Бишкек жана ал жашап өткөн доор чагылдырылган. Макалалар изилдөөлөрдөн жана түрдүү ой-толгоолордон турат. Бишкектин ким болгондугу, шаардын тарыхы тууралуу да камтылды. Мындан тышкары, жыйнакка Бишкек жөнүндө көп илимпоздордун, окумуштуулардын макалалары киргизилди. Маалыматтарда белгиленгендей, Бишкек солто уруусунан чыккан. Бүгүнкү күндө анын тукумдары Сокулук районунун аймагында жашайт. Бишкек Канай бийдин заманында жашаган деген маалыматтар да айтылып жүрөт. Ал учурунда Бухара, Намангандан келген соодагерлер менен мамиле түзгөн. “Кийин менин көзүм өткөндө жол боюна жакын жерге койгула”, - деп керээз калтырган. Балдары айтканын аткарып, чоң күмбөз салган. Андан соң ал Бишкектин коргону деп аталып, кийин акырындык менен Бишкек деген терминге айланган”, - дейт тарыхчы.

Бүгүнкү күндө Бишкек Кенен уулу жашап өткөн доорго кызыгуу тереңдеп, тарыхчы-окумуштуулар, жазуучулар анын өмүр таржымалын ийне-жибине чейин тактаганга аракет кылышууда. Көркөм чыгармалар, катар-катар илимий иликтөөлөр жазылууда.
Президент Садыр Жапаров Бишкек баатырдын ысымы кылымдан кылымга аңыз катары эле айтылып тим болбостон, ХХ кылымда мамлекеттин саясий борборунун аталышы болуп калганын эстеликтин ачылышында билдирген эле.

“Кыргызда "арбагы бийик, арбагы тирүү“ деген илгертен келе жаткан ата сөзү бар эмеспи. Кыргыздын солто уруусунан чыккан Бишкек баатыр ырыс жылоологон ошондой касиеттүү адамдардан болгон экен десем, сөз чындыгынан бузулбас. Анын ысымы кылымдан кылымга үзүлбөй угулган санжыралуу аңыз катары эле айтылып тим болбостон, адегенде Сары-Өзөн Чүйдүн боорундагы укумдай жер атына айланып, ал эми ХХ кылымда мамлекетибиздин саясий борборунун аталышы болуп калды.
XVII–XVIII кылымдар — кыргыз эли душмандар менен кырды бычак түшүп кырылышкан кандуу жана калабалуу окуяларга бай, элибиздин эс тутумуна терең из калтырган доор. Ошол окуялардын бир даары элдик эпостордун сюжетин түзүп калды, эл оозунан алигиче түшпөй, уламыш-санжыра болуп айтылып келет. Ошол заман — Эр Солтоной, Атаке баатыр, Бердике берен, Жайыл баатыр, Эсенгул баатыр, Качыке баатыр дегендердин заманы болгон экен. Мына ушулардын заманында Бишкек баатыр да эл четинде, жер чегинде туруп, эрдиги менен таанылган”, - деп белгилеген өлкө башчысы.

19-кылымдын аягында 20-кылымдын башында Пишпекте (Бишкек) алгачкы ишканалар пайда болгон. Падышачылык саясатка карабастан, Пишпекте биринчи жолу маданий-агартуучу мекемелер, мектептер, дарылоо жайлары түзүлгөн. 1924-жылдын 14-октябрында Пишпек – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун борбору, 1926-жылдын 1-февралында Пишпек – Кыргыз АССРнин борбору болуп калды. Ал эми 1926-жылдын 12-майында СССРдин Борбордук аткаруу комитетинин президиуму Пишпек шаарын Фрунзе шаары деп бекиткен. 1936-жылдын 5-декабрынан баштап Фрунзе – Кыргыз ССРнин борбору катары таанылды. 1991-жылдын апрелинде ССРдин Жогорку Совети Фрунзе шаарынын аталышын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алып, байыркы Бишкек деген биринчи аты кайтарылып берилди.

Борбор калаада 2021-жылы Бишкек Кенен уулунун эстелиги орнотулган. Бийиктиги үч метрден ашкан колодон жасалган монумент скульптор Адил Сейталиевге таандык. Эстелик Маданият, маалымат, жаштар саясаты министрлигинин имаратынын чыгыш тарабында, Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишине жакын жерде орун алган.

Бишкектин урпактарынын бири Төлөн Сарманов “Кабар” агенттигине билдиргендей, учурда “Бишкек баатыр” коомдук бирикмеси тарабынан Бишкек Кенен уулунун урматына арнап медаль даярдалды. Сыйлык шаардын өнүгүүсүнө салым кошкондорго тапшырылат.
“29-апрелде шаардын күнүнө карата Бишкек атабыздын урпактары тарабынан чыгарылган медаль эмгеги сиңген адамдарга берилет. Медалдын бир бетине Бишкек атабыздын, экинчи бетине Бишкек шаарынын герби түшүрүлгөн”, - деп айтты ал.

Бүгүнкү күндө Бишкек – Кыргызстандын баш калаасы жана өлкөнүн саясий, экономикалык, илимий, маданий борбору. Административдик-аймактык реформанын алкагында, Бишкектин айланасындагы бир катар айылдар борбор калаанын төрт районуна кошулду. Муну менен шаардын аянты кеңейип, калкынын саны өстү. Бишкек шаарынын бюджети 2024-жылы 36,5 млрд сомго жетти. Бул мурдагы жылдардагы көрсөткүчтөрдөн 1,7 эсеге көп. 2024-жылдын январь-декабрь айларында шаардагы ишканалар тарабынан 88,8 миллиард сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн, бул 2023-жылга салыштырмалуу 20,6 миллиард сомго көп.

Шаардын чек арасын кеңейтүүнү эске алуу менен учурда заманбап курулуш стандарттарына жооп бере турган 2025-2050-жылдарга жаңы башкы план иштелүүдө. Шаардык жаңы инновацияларды киргизүү Бишкек шаарын бирдиктүү стилге айландыруу максатын көздөйт. Бул үчүн кеңири жөө зоналар, жашыл аймактар, экологиялык жактан таза транспорт, веложолдор түзүлүп, жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган долбоорлор ишке ашырылууда.