“Бишкек+25” экинчи Глобалдык тоо саммитинин тоолуу аймактарды өнүктүрүүдөгү орду

Аналитика Загрузка... 17 Февраль 2026 17:45
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Кундуз Азарбекова

Бардык материалдар

Кыргызстанда ири масштабдагы “Бишкек+25” экинчи Глобалдык тоо саммитине даярдыктар башталды. Эл аралык кеңешмени өткөрүү БУУ тарабынан 2027-жылга белгиленген. Анда Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгынын (2023-2027-жж.) жыйынтыгы чыгарылып, кийинки кадамдар белгиленет. Программанын өзөгүндө климаттын өзгөрүшүнөн улам пайда болуп жаткан экологиялык маселелерди жана тоолуу өлкөлөр кабылган социалдык, экономикалык, энергетикалык көйгөйлөрдү чечүү жолдору турат. Тоо күн тартибинин Кыргызстандын тоолуу аймактарын өнүктүрүүдөгү таасири көзгө көрүнөрлүк десе болот.

Жер шарындагы кургактыктын 30%га жакынын тоолор түзөт. Тоолуу аймактарда дүйнө калкынын 15%дан ашыгы жашайт. Бул эсепке аймагынын дээрлик 93% тоолуу жерлерден турган Кыргызстан да кирет. Биздей тоолуу өлкөлөр дүйнөгө таза сууну, нымдуулукту, экологиялык тең салмактуулукту жана табигый накта азыктарды берет.

Ошол эле учурда климаттын ысышы менен айыл чарбасын, энергетиканы, калкты суу менен камсыздаган мөңгүлөр эрип жатат. Акыркы 20 жылда Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстанды камтыган Батыш Тянь-Шандагы мөңгүлөр 27%га кыскарган. Келечекте Борбор Азияда суу тартыштыгы жана табигый кырсыктар тобокелдиги бар.

Климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепети экологияга эле эмес, тоолуу аймактарда жашаган калкка да тийип, шартын катаалдаштырып, энергетикалык, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү да жаратууда. Адатта тоолуу райондордо таза суу, азык-түлүк, электр жарыгы, инфраструктура, саламаттыкты сактоо, билим берүү, транспорттун жетишсиздиги сыяктуу көйгөйлөр басымдуулук кылат.

Бул жагдайды эске алуу менен биздин өлкө 30 жылдан бери эл аралык аренада тоолуу өлкөлөрдүн кызыкчылыгын коргоп, тоо калкы туш болгон көйгөйлөргө эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруп келет.

2002-жылы Бишкекте биринчи Глобалдык тоо саммити БУУнун колдоосу менен өткөн. Тоо саммитинин 20 жылдыгына карата БУУ Садыр Жапаровдун демилгесин колдоп, 2022-жылды “Тоолорду туруктуу өнүктүрүүнүн эл аралык жылы” деп жарыялаган. Ошондой эле аталган уюмдун алкагында Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы (2023-2027-жж.) кабыл алынган. Программа бийик тоолуу экосистемаларды сактоону, жергиликтүү коомчулуктардын жашоо сапатын жакшыртууну, жоопкерчиликтүү экотуризмди өнүктүрүүнү максаттайт.

Беш жылдыктын жыйынтыгы 2027-жылдын октябрында өтө турган “Бишкек+25” экинчи Бишкек глобалдык тоо саммитинде чыгарылмакчы.

Тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө багытталган иштер

Глобалдык беш жылдыктын алкагында Кыргызстан ичинде иш-чаралардын Жол картасы кабыл алынган. Ал 2023-жылдан бери ишке ашырылып келет. Анын алкагында өкмөт тоолуу аймактардагы жашоо шартты жакшыртуунун үстүндө. Алсак, алыскы Зардалы айылына электр жарыгы тартылып, жол салынды. Ушундай эле иштер башка тоолуу айылдарда да жүрүп жатат.

Чакан ГЭСтер ишке берилип, темир жана автомобиль жолдору салынууда, аймактарда аба майдандар курулууда. Аймак эли медициналык тез жардам, диагностика сымал медициналык кызматтарга акырындап жетишип жатат.

Өлкөдө токой аянттарын көбөйтүү боюнча "Жашыл мурас" улуттук программасы ишке ашырылууда. Бул парник газдарынын чыгындыларын өздөштүрүү потенциалын жогорулатууга багытталган. Программанын алкагында жыл сайын 8 миллионго чейин бак-дарактар отургузуу мерчемделген.

Кыргызстандын президентинин Тоо күн тартиби боюнча атайын өкүлү Динара Кемелова “Тоолуу региондорду өнүктүрүү иш-аракеттеринин беш жылдыгы” өлкөнүн алыскы аймактарындагы шарттарды жакшыртууда маанилүү орунду ээлегенин белгилейт.

“Биз жергиликтүү жамааттар менен үзгүлтүксүз жолугуп турабыз. Бул кырдаалга мониторинг жүргүзүүгө жана тоолуу аймактардын жашоочуларынын муктаждыктарын түшүнүүгө мүмкүндүк берет.

Өткөн жылы аймактардагы жолугушууларда түшкөн кайрылуулардан кийин тоолуктардын жашоо шартын жакшыртууга багытталган өзгөртүүлөр киргизилген. Алар саламаттыкты сактоону жакшыртуу, энергетикалык ресурстарга жеткиликтүүлүк, суу менен камсыздоо жана канализация, санариптештирүү, жолдорду модернизациялоо, билим берүү мүмкүнчүлүгү, жакырчылыкты жоюу, геопарктарды түзүү жана өнүктүрүү, тоолуу аймактарда маданий туризмди жана мурас объекттерин колдоо, тоолуу аймактарды комплекстүү изилдөө иштери.

Өткөн жылы, биз, Чүй облусунда жана Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында тегерек столдордун сериясын жыйынтыктадык. Аларда климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу, тоолуу аймактардын потенциалын ачуу, туризмди өнүктүрүү, органикалык айыл чарбасы, жайыттарды туруктуу башкаруу, жашыл технологияларды киргизүү сыяктуу артыкчылыктар талкууланды.

Ал эми Бишкек эл аралык тоо диалогун өткөрүү хабына айланды. Өткөн жылдын апрелинде “Глобалдык тоо диалогун” уюштурдук. Бул масштабдуу иш-чара 50дөн ашык өлкөдөн жана 30га чукул эл аралык уюмдардан келген 420 катышуучунун башын бириктирди. Конференцияда мөңгүлөрдүн эриши, табигый кырсык коркунучун азайтуу, жайыттардын деградациясы, ресурстарды башкаруудагы аялдардын ролу, илимий кызматташуу жана тоо экономикасына чейин талкууладык.

Эл аралык деңгээлде Кыргызстан учурда маанилүү эки стратегиялык демилгени көтөрүүдө. Биринчиси, Тоолуу өлкөлөрдү өнүктүрүү фонду. Ага ылайык финансы механизми иштелип чыгып, тоолуу экосистеманы колдоого жумшалышы керек. Экинчиси, Бишкекте Тоолуу райондорду турукташтыруу глобалдык борборун түзүү.

Тоо беш жылдыгы жөн эле отчет менен эмес, тоолуу аймактарда жашаган элдин жашоосундагы конкреттүү өзгөрүүлөр менен аяктоосу биз үчүн маанилүү”, - деди Тоо күн тартиби боюнча Кыргызстандын президентинин атайын өкүлү Динара Кемелова.

Эколог Гамал Сооронкулов Кыргызстанда уюштурулуп жаткан тоо күн тартиби боюнча саамалыктарга катышып, иш жүзүндөгү тажрыйбасынын негизинде кеп-кеңештерин берип келет. Айтымында иштердин жыйынтыгы кагазда эмес, сакталган экология жана тоолуу аймактын элинин жакшыртылган жашоо шартында болушу керек.

WhatsApp Image 2026-02-17 at 16.46.20.jpeg

“Мен азыр Таласта тоонун капталында отурам. Бүгүн, 17-февраль деңиз деңгээлинен 2-2,5 миң метр бийиктикте кар жокко эсе. Бул климаттын өзгөрүшүнүн кесепети десем болот. Тоо сүрдүү деген менен климаттык өзгөрүүлөргө өтө назик болот. Алсак, мөңгү көйгөйү өтө актуалдуу. Мөңгүлөрдүн тез эриши, кар, жаан-чачындын, суунун азайышы түз эле тоолуу аймактарда жашаган элибизге таасирин тийгизүүдө. Андан ары кесепети ылдыйдагы өрөөндөргө, кошуна мамлекеттердин элдерине тийип, келечекте суу талаш көйгөйү чыгышы ыктымал.

Тоо күн тартибинин алкагындагы иш-чараларга расмий түрдө чакырылып, практикалык тажрыйбамдан кеп-кеңешимди айтып жатам. Президенттин атайын өкүлү Динара Кемелованын командасынын ишин айтсам болот. Аракеттери жакшы, жер-жерлерди кыдырып жолугушууларды өткөрүштү. Таласта, Жалал-Абадда болгон отурумдарга катыштым.

Ошонун негизинде Сузак өрөөнүндө климаттын өзгөрүшү, глобалдык жылуулуктун кесепети, суу ресурстарына таасири боюнча сунуштарды өткөрдүк. Жергиликтүү Багыш жана Көк-Арт айыл өкмөтүнүн бир нече айылдарынын тургундары менен жолугушуп, актуалдуу болуп жаткан суу маселесин талкууладык. Пилоттук негизде Көк-Арттын төрүндөгү Кең-Сай, Үч-Тал деген жерде жасалма мөңгү жасамай болдук. Анын суусун деградация болгон 5 гектар жерге түтүк менен тартып келип, тамчылатып сугарууну ишке ашыралы деп жатабыз. Ошол жерге жаңгак, бадамдын көчөтүн отургузабыз. Мөңгү жасап койсок, суу жайында текке кетпейт.

Мындан сырткары, эки айылдын мектептерине күнөскана салып беребиз. Биринчиден, суу үнөмдөлөт. Экинчиден, балдарга тамчылатып сугарууну, суу ресурстарын сарамжал колдонууну үйрөтөбүз жана экологиялык таза продукту өндүрүлөт”, - деди эколог.

Жыйынтыктап айтканда, климаттын өзгөрүшү менен тоо экосистемаларына жана алардын жашоочуларына тийгизген таасири, тоолордун суу, азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыздоодогу ролу, мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын сарамжалдуу колдонуу, тоо коомчулугунун туруктуу өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү маселелери актуалдуу бойдон кала берет. Бул фактыны эске алуу менен коомчулук дагы жаратылыш ресурстарын колдонууда жана сактоодо жоопкерчиликтүү болуусу абзел.