Бишкек, 04.10.26 /Кабар/. Бишкек жана Чүйдө шамал болушу күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, жакынкы бир саат аралыгында жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен каттуу шамал катталышы күтүлөт.
ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.