Бишкек 29.04.25 /Кабар/. Бишкектин четиндеги Орок айылында 1-июнда “Евразия” маданий-көңүл ачуучу паркынын салтанаттуу ачылышы болот. Анын бет ачары бүгүн Бишкекте өттү.
«Евразия» автономиялык коммерциялык эмес уюмунун (АНО) меценаттарынын жардамы менен Бишкек шаарында үй-бүлөлүк паркты курууга арналган чоң социалдык долбоор ишке ашырылууда. Мындай долбоорлор жалпы руханий-адептик баалуулуктарга таянуу менен Евразия өлкөлөрүн достуктун жана континенттеги элдердин гүлдөп-өнүгүшүнүн айланасында бириктирет. Биздин уюмдун долбоорлорун тынымсыз колдоп келе жаткандыгы жана Россия менен Кыргызстандын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого, ошондой эле Евразиялык экономикалык союз алкагындагы стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган туруктуу саясаты үчүн КРдин президенти Садыр Нургожоевич Жапаровго ыраазычылык билдиребиз», — деди Россиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты, «Евразия» АНО кеңешинин төрайымы Алёна Аршинова.
Долбоор министрлер кабинетинин колдоосу менен ишке ашырылууда жана ал өлкөнүн маданий жашоосундагы маанилүү окуя болуп саналат. Сейил бактын аянты 10 гектарды ээлеп, шаардын тургундары жана меймандары үчүн заманбап жана үй-бүлөлүк акысыз эс алуучу аймак болот.
«Бул уникалдуу социалдык долбоор Бишкек шаарынын инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү, эл аралык достуктун символу болуп эсептелинет. Паркты куруу министрлер кабинети менен «Евразия» АНОнун ортосундагы келишимдин негизинде ишке ашырылып жатат. Сейил бак толугу менен меценаттар каржылап жатат», — деди «Евразия» АНОнун Кыргызстандагы регионалдык кеңсесинин директору Кымбат Урумкулова.
Меймандар үчүн ондогон аттракциондор, чоң аквазона (4 680 м²), цирк аянтчасы, балдар үчүн көңүл ачуучу комплекс, мини-стадион, динопарк, 2 миң чарчы метр муз аянтчасы жана 20 метр бийиктиктеги экстремалдык горка каралган. Сейил бакта ошондой эле, жашылдандырууга, көрктөндүрүүгө жана коопсуздук чараларына өзгөчө көңүл бурулган.
“Архитектуралык бул долбоор көп функционалдуу комплекс катары түзүлүп, үй-бүлөлүк акысыз жана коопсуз эс алуу аймагына айланат”, - деди Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев.
Курулуш иштери аяктагандан кийин сейил бак Бишкек мэриясынын балансына өткөрүлүп берилет.