Бишкек шаардык прокуратурасы номенклатуралык иштерди көзөмөлдөөнү күчөттү

Коом Загрузка... 29 Апрель 2025 09:17
forma-2.jpg
copyright icon www

Бишкек, 29.04.25. /Кабар/. Президент “2024-2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын санариптик трансформациялоо концепциясын бекитүү жөнүндө” 2024-жылдын 5-апрелиндеги ПЖ №90-жарлыгынын талаптарын аткаруу жана укук коргоо органдарынын санариптештирүү багытын өнүктүрүү, кылмыш иштер жана тергөөгө чейинки материалдарды электрондук-санариптик формада жүзөгө ашыруу максатында, министрлер кабинетинин 2025-жылдын 24-мартындагы №141 токтому менен бекитилген Кылмыштардын бирдиктүү реестри жөнүндө жобосу бекитилген.

Бишкек шаардык прокуратурасынан билдиришкендей, бул кадам процесстерди модернизациялоого жана алардын натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган.

Алсак, аталган жобонун 11-пунктуна ылайык, номенклатуралык иш – укук коргоо органынын ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан тийиштүү текшерүүнүн жыйынтыгынын негизинде укук бузуунун же кылмыштын белгилери аныкталбаган, ушул Жободо белгиленген тартипте номенклатуралык ишке чыгышталган МЭЖдын материалы болуп саналат.

Аны менен бирге, ушул эле жобонун 13-пунктуна ылайык, МЭЖге катталган маалыматта кылмышты же укук бузууну көрсөткөн белгилер камтылбаса (катуу музыка, бузулган светофор, жол тыгыны, суу ташкыны ж.б.), үч сутканын ичинде текшерүү аракеттерин жүргүзгөн укук коргоо органынын ыйгарым укуктуу кызматкери тарабынан рапортунун негизинде, укук коргоо органынын жетекчилигинин макулдугу менен чыгышталып, ырастоочу документтер менен бирге номенклатуралык иште (наряд) сакталат.

Билдирүүдө укук бузуунун курамы аныкталган учурда, рапорттун негизинде жетекчинин макулдугу менен номенклатуралык ишке чыгышталып, укук укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык чечим кабыл алынат.

Эгерде укук бузуунун курамы бар билдирүүнү кароо башка органдын компетенциясына кирсе, рапорттун негизинде жетекчинин макулдугу менен номенклатуралык ишке чыгышталып, материалдар тийиштүү органга жиберилет.

Ар бир укук бузуу жөнүндө материал “Укук бузуулардын бирдиктүү реестри” автоматташтырылган маалыматтык системасына милдеттүү түрдө катталууга тийиш.

Ал эми, билдирүүдө кылмыштын курамы аныкталган учурда, рапорттун негизинде жетекчинин макулдугу менен материалды тергөөгө чейинки текшерүүнү уюштуруу үчүн тергөө бөлүмүнө өткөрөт.

"Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан “номенклатуралык иш” өз убагында, туура жана толук толтурулушу боюнча иш-чаралар уюштурулуп, укук коргоо органдары тарабынан толугу менен ишке киргизилип, иштер уланууда",-деп айтылат маалыматта.