Бишкек шаардык драма театры Россиядагы эл аралык фестивалга катышууда

Маданият Загрузка... 15 Май 2026 10:42
WhatsApp Image 2026-05-15 at 10.04.38.jpeg

Бишкек, 15.05.26 /Кабар/. Арсен Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театры Россиянын Владимир шаарында өтүп жаткан “Театр. Территория единения” аттуу эл аралык фестивалга катышууда. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн театр Владимир облустук академиялык драма театрынын сахнасында “Наваждение” комедиалык спектаклин тартуулайт. Аны Тажикстандын эмгек сиңирген артисти Султон Усмонов азербайжан жазуучусу Али Амирлинин пьесасынын негизинде сахналаштырган.

Башкы ролдордо - Эмгек сиңирген артист Динара Абдыкадырова, Руслан Орозакунов, Амантур Абдусалам уулу, Арген Узаков жана Гүлиза Усупбекова болушат.

Фестиваль 12-25-май күндөрү өтүп, ага Москва, Санкт Петербург, Бишкек, Элиста, Минск, Владикавказ, Петрозаводск, Челябинск, Ульяновск, Кинешма, Мытищ, Вологда, Махачкала жана башка шарлардан келген 24 театр жамааты катышууда.

Иш-чара Россиянын Театр ишмерлер союзу түзүлгөнүнүн 150 жылдыгына арналган.