Бишкектик дарыгерлер Таласта балдарга акысыз медициналык кароо жүргүзүүдө

Ден соолук Загрузка... 14 Апрель 2026 10:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 14.04.26 /Кабар/. Шаардык тез медициналык жардам клиникалык балдар ооруканасынын дарыгерлер тобу Талас облусуна иш сапары менен барып, балдарга акысыз консультациялык жардам көрсөтүшүүдө. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.

Ооруканын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун жетекчилиги астындагы иш сапар 13–15-апрель күндөрү Манас жана Айтматов райондорунда, ошондой эле Талас шаарында өтөт. Аймактагы адистерге болгон муктаждыкка жараша Бишкектен травматолог-нейрохирург, ортопед, невропатолог, педиатр, жалпы балдар хирургу, стоматолог жана эндокринологдор чакырылган.

Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында жергиликтүү медицина кызматкерлерине семинарлар өткөрүлүүдө. Анда шашылыш жардам көрсөтүү, ошондой эле анемия, кант диабети, пневмония жана бронхообструктивдик синдромдор боюнча клиникалык протоколдордун негизинде практикалык маалыматтар берилүүдө.

"Бул иштер Саламаттык сактоо министрлигинин Талас жана Ысык-Көл облустарындагы 0дөн 18 жашка чейинки өнөкөт оорулары бар балдарга жардам көрсөтүү буйругунун негизинде ишке ашырылууда. Жыл ичинде Талас облусуна болгон мындай иш сапарлар дагы да улантылат", — деп айтылат билдирүүдө.