Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарынын жашоосун жеңилдетип, муниципалитет менен өз ара аракеттенүүнү ачык-айкын жана натыйжалуу кылуу максатында «Менин шаарым» мобилдик тиркемесин иштеп чыгууну улантууда.
Учурда бул тиркеме 490 миң активдүү колдонуучуга жетип, 800 миңден ашык жолу жүктөлүп алынган.
Борбордун жашоочулары үчүн универсалдуу санариптик платформа болгон "Менин шаарым" тиркемеси аркылуу мэриянын жаңылыктарын, маанилүү маалыматтарды жана негизги кызматтарды алууга болот.
«Менин шаарым» тиркемеси бүгүнкү күндө төмөнкүдөй маанилүү функцияларды камтыйт:
- Жарандардын кайрылуулары: Тиркеме аркылуу 8296дан ашык арыз катталып, алардын аткарылышын реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү.
- Коомдук транспорт: Автобустардын жайгашкан жерин көрсөтүү, маршрут түзүү, ошондой эле көрүүсү начар жарандар үчүн транспорттун келип-кетүүсүн үн менен билдирүү функциясы бар.
- Кызматтар үчүн төлөмдөр: Газ, электр энергиясы, суу жана таштанды чыгаруу үчүн тез жана коопсуз төлөмдөрдү жүргүзүү.
- Унааларды эвакуациялоо: Эвакуацияланган транспортту мамлекеттик номери боюнча издөө жана автотоктотмонун дарегин алуу.
- ӨКМ эскертүүлөрү: «112» тиркемеси менен интеграцияланган.
- Шаар аралык транспорт: Чүй–Бишкек багытындагы маршруттарды көзөмөлдөө (географиясын кеңейтүү пландары менен).
Жакынкы аралыкта тиркемеге төмөнкүдөй кошумча кызматтар киргизилет:
- Ижарачылардын жеке кабинети.
- Автоунаа токтотмолорун электрондук төлөө.
- Шаар аралык каттамдарга билет брондоо жана сатып алуу.
«Менин шаарым» — бул бишкектиктер үчүн негизги муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды бириктирген универсалдуу санариптик аянтча.